Реклама

.

Теңизбек Абжапаров Салык кызматынын ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыттарды аныктады

24.05.2018

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров ведомствонун борбордук аппаратынын жетекчилик курамы менен чогулуш өткөрүп, МСКнын ишмердигинин негизги багыттарын аныктады.

Артыкчылыктуу багыт катары ал салык органдары тарабынан май айынын жыйынтыгы жана жалпы жылдын жыйынтыгы боюнча салыктарды чогултуунун болжолдук планын 100 пайызга аткарылышын камсыз кылуу боюнча милдеттерди аныктады.

Бул максатта, Салык кызматынын жетекчисинин сөзү боюнча салыктардын айрым түрлөрү боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдүн аткарылбай калуу тобокелдиктерин, ошондой эле, ар бир салык органынын иштерин өзүнчө тыкыр талдоо жүргүзүү зарыл. Ведомство башчысы бир нече айдын жыйынтык көрсөткүчтөрүнүн негизинде салыктарды жыйноо боюнча пландын аткарылышын 100%га аткарбаган райондук салык органдарынын жетекчилерине карата ээлеген кызматынан бошотууга чейинки катуу жаза-чаралары колдонулаарын эскертти.

МСКнын төрагасы Т. Абжапаров кийинки актуалдуу көйгөй катары салык карызын өндүрүү боюнча иштердин абалына токтолду. Аймактык салык органдары тарабынан жүргүзүлгөн салык карызын өндүрүү боюнча чаралардын жетишсиздигин белгилеп, салык төлөөчүлөрдөн карыздарды өндүрүү боюнча – кабарлама тапшыруудан тартып эсебин жабуу, сотко жана башка органдарга кайрылууга чейинки бардык мыйзамдуу методдорду колдонууну талап кылды.

МСКнын төрагасы башка бир катар маселелерди, анын ичинде салыктык текшерүүнүн сапаты, бош кызмат орундарына конкурс өткөрүүдө ачык-айкындуулук жана объективдүүлүк, салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү салыктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу ж.б. көйгөйлүү маселелерди көтөрдү. Бул боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.

Жыйынтыктап жатып, Салык кызматынын жетекчиси өлкөнүн башкы салыкчысы катары койгон бир катар артыкчылыктуу милдеттерди белгиледи. Алардын катарында мамлекеттик, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көлөмүн толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуудан тышкары – салыктык башкарууну жакшыртуу, МСКнын деңгээлин жана калк арасындагы салыктык сабаттуулукту жогорулатуу жана техникалык жана материалдык планда салык кызматын өнүктүрүү.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости