Реклама

.

5 айда 30,8 млрд сом салык жыйналды

01.06.2018

Алдын-ала маалымат боюнча, 2018-жылдын январь-май айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 30 млрд 819 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Коюлган план 101,6 %га аткарылып, 474,5 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 3 млрд 28,1 млн сомго же 10,9 %га жогорулаган.

Ошону менен бирге, май айында 6 млрд 268,2 млн сом суммасында салыктар чогултулду. Аткаруу 101,1 %ды түзүп, 68,2 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Салыктарды чогултуу 2017-жылдын май айына салыштырмалуу 816 млн сомго же 15 %га жогорулаган.

МСК басма-сөз кызматы

Все новости