Реклама

.

Салык кызматынын башчысы Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы салык органдарынын иштери менен таанышты

22.06.2018

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы салык органдарынын эмгек жамааты менен бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрдү.

Алсак, Т.Абжапаров салык кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь, Биринчи Май, Свердлов, Ленин райондору, Чүй облусунун Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Сокулук, Жайыл, Панфилов, Москва райондору, Токмок шаары боюнча башкармалыктарына барды. 

Аймактык салык органдарына баруу менен ар түрдүү долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, түзүмдүк салык органдарынын ишинин уюштурулушу жана эмгек шарттары, ошондой эле, салык төлөмдөрүнүн келип түшүүсү боюнча учурдагы абал менен таанышты. Салык кызматынын башчысы Бирдиктүү терезелердин жана Сервистик борборлордун иштерин жана салык төлөөчүлөргө көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын текшерди.

Ведомствонун жетекчиси ар бир иш сапардын жыйынтыгы боюнча болгон жумушчу кеңешмелерде салык саясатынын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулап, фискалдык органдын алдында турган учурдагы жана келечектеги милдеттерин белгилеп өттү.

Жыл башынан берки мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча салык органдарынын иштерин талкуулоонун жүрүшүндө төрага Т.Абжапаров июнь айына коюлган болжолдук планды 100 пайызга аткаруу боюнча зарыл болгон чараларды кабыл алууну, ошондой эле, салык боюнча жылдык планды аткаруу үчүн кошумча булактарды жана базаны табууну талап кылды. Тийиштүү салык органдарынын ар бир жетекчисине, ошондой эле, алардын орун басарларына жана бөлүм начальниктерине конкреттүү тапшырмалар берилди.

Фискалдык органдын жетекчиси МСКнын алты айлык ишмердигинин жыйынтыгы боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарбаган жетекчилерге карата кызматтан бошотууга чейинки тартиптик эң катуу чаралар колдонулаарын эскертти.

Кеңешмеде салык органдарынын ишине байланышкан башка маселелер да көтөрүлдү.

Алсак, Т.Абжапаров рейддик, көчмө жана камералдык текшерүүлөр боюнча кызматкерлер тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча жер-жерлердеги иштердин начар уюштурулгандыгын, салык боюнча кошумча булактарды табуунун жетишсиздигин, базарлардын жана ишкердиктин башка түрлөрүнүн начар камтылып жаткандыгын белгиледи.

Төрага мындан тышкары, соода түйүндөрүнүн баардыгы эле салык төлөй бербестигин белгилеп, соода-базар комлекстеринен салыктардын чогултулушуна басым жасады. Ал салык органдарынын жетекчилерин иш бөлмөлөрүндө отура бербей, түздөн-түз соода жүрүп жаткан жерлерге барып, ишкерлердин тийиштүү салыктарды өз убагында төлөөсүн көзөмөлдөөгө, соодо түйүндөрүн башкаруудагы көйгөйлөрдү аныктоого, ошондой эле жер жерлердеги салык төлөөчүлөргө кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көрүүгө чакырды.

Ушуга байланыштуу, ведомствонун башчысы ар бир базар боюнча талдоо жүргүзүүгө, ар ай сайын соода орундарынын санын текшерүүнү жана аларды базар администрациясынын маалыматы менен салыштырууну тапшырды. «Базардагы ишкерлер салыктан качып, ишмердүүлүктү токтотуу боюнча арыз жазышат да, патент алышпайт, бирок, иш жүзүндө ишмердүүлүгүн уланта берген учурлар болот. Мындай фактыларды аныктап, салык салуу керек”, – деп белгиледи Теңизбек Абжапаров.

Мындан тышкары, салыктарды төлөө, анын ичинде ири соода-базар комплекстеринин жана базар ээлеринин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү үчүн салык төлөө маселесин туруктуу контролго алууга чакырды. “МСКнын алдында салык төлөөчүлөрдүн бардыгы бирдей, ким салык төлөөгө тийиш болсо, аны мыйзамда белгиленген мөөнөттө аткарыш керек жана кол тийбестер болбош керек”, - деп белгиледи.

Анын айтымында, Бишкек шаары жана Чүй облусу мамлекеттик бюджеттин 80% түшүүлөрүн камсыз кылат, анткени бул жерде ишкердик иштер кеңири жайылтылган. Ошондуктан, экономиканын формалдуу эмес секторунда ишкердик менен алектенген жактарды аныктоо менен кошумча булактарды табуу үчүн чоң резервдер бар.

Мында Салык кызматынын жетекчиси тигүү цехтеринин ишине өзгөчө көңүл буруп, алар толугу менен салыктык эсепке алынбагандыгы жана көпчүлүгү жашырын иштеп, салык төлөбөй жаткандыгын баса белгиледи. Анын айтымында, борбордун жана Чүй облусунун салык органдарында расмий түрдө 770 тигүү цехи катталган жана 7,5 миң адам эмгектенет, ал эми чындыгында мындай цехтердин жана бул чөйрөдө иштеген адамдардын саны Жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясынын маалыматы боюнча берилген статистикалык маалыматтардан бир канча эсеге көп.

Ушуга байланыштуу, Т. Абжапаров салыкчыларга жашыруун тигүү цехтерин табуу боюнча ишти дароо уюштурууга жана аларды, ошондой эле, андагы иштеген адамдарды салыктык эсепке алууга тапшырма берди.

Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк салыгын, ошондой эле жер салыгын төлөө мөөнөттөрү жакындап калгандыгына байланыштуу, Салык кызматынын төрагасы Т. Абжапаров салыктарды өз убагында төлөөгө карата чарба субъекттерине толук инвертаризация жүргүзүү тапшырмасын берди. Тактап айтканда, каттоо органдарынан керектүү маалыматтарды алуу, аларды текшерүү менен транспорт жана турак үй мүлк ээлеринин ар бирине билдирүү жөнөтүү керек. Ошондой эле, жергиликтүү бийлик органдары менен жер салыгын, анын ичинде айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жер салыгын чогултуу боюнча тыгыз иштөө зарыл. Бул үчүн жерлерди ижарага берүү жөнүндө келишимге жерге төлөнүүчү салыктарды милдеттүү түрдө төлөө жөнүндө пунктун киргизүү боюнча сунуш берүү керек.

Ар бир жолугушуунун жыйынтыгы боюнча ал көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча конкретүү тапшырмаларды берди.

2018-жылы Мамлекеттик салык кызматынын алдында турган милдеттерди айтып жатып, ведомствонун жетекчиси Т. Абжапаров салыктар боюнча планды ай сайын 100 пайыз аткаруудан тышкары, бир катар долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди улантуу зарыл экендигин белгиледи. Анын ичинде: салыктык жол-жоболорду фискалдаштырууну киргизүү, бул товарларды маркалоону, электрондук эсеп-фактураларды киргизүүнү, ККМ онлайн системасын модернизациялоону, электрондук патентти ишке киргизүүнү, бул жылы Салык кызматы тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча функцияларды кабыл алууга даярдоону болжолдойт.

Мындан тышкары, Салык кызматы тарабынан, анын ичинде ведомствонун сайты аркылуу көрсөтүлүүчү электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин жана аларды салык төлөөчүлөр тарабынан колдонуу чөйрөсүн мындан ары кеңейтүү, салыктык жол-жоболорду оптималдаштыруу, салык отчеттуулугун электрондук түрдө берген жана салыктарды банктык, төлөм терминалдары аркылуу төлөгөн салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү боюнча иштерди улантуу зарыл. Фискалдык органдын жетекчиси салык төлөөчүлөргө көрсөтүлгөн салык кызматтарынын сапатын мындан ары жакшыртуунун үстүнөн иштөөнү талап кылды.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости