Реклама

.

450 миңден ашык салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырышты

28.06.2018

Мамлекеттик салык кызматы 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампаниянын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда пресс-конференцияда МСКнын төрагасы Теңизбек Абжапаров айтты.

Анын айтуусу боюнча, Бирдиктүү салык декларациясын 454 миң 767 салык төлөөчү тапшырды. Декларация тапшыргандардын ичинен 41 миң 708 – уюмдар, 203 миң 622 – жеке ишкерлер, 132 миң 265 декларант – жеке жактар жана 48 миң 641 – мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле, 26 миң 862 – салык салынуучу кирешелери жок жеке жактар болду.  

Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган салык төлөөчүлөрдүн санынын жылына өсүп жаткандыгын статистика көрсөтүүдө. Алсак, 2018-жылы 2017-жылга салыштырмалуу декларациялар 35 миң 879га, ал эми 2017-жылы 2016-жылга салыштырмалуу – 29 миң 494кө, ал эми 2016-жылы 2015-жылга салыштырмалуу 13 миң 730га көп болгон.

Бул жылдагы жаңылык болуп ушул жылдан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кирешелери жөнүндө декларацияларын салык органдарына электрондук түрдө гана бере башташты. Мурунку жылдары алар жыл сайын эки декларация тапшырып келишкен: кирешелери жөнүндө декларациясын – Мамлекеттик кадр кызматына жана Бирдиктүү салык декларациясын - Салык кызматына.

1-июлдан тартып Салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларацияларын текшерүү боюнча кампанияны баштайт. Декларацияда такталбаган же толук эмес маалыматтар аныкталган учурда, ал боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилет.

Ал эми октябрь айынан тартып Салык кызматы саясий, атайын, жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий жана жогорку администрациялык муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелери, чыгымдары жана мүлктөрү тууралуу жыйынды маалыматтарын өзүнүн расмий сайтына жарыялап баштайт.

Эскерте кетсек, декларациялык кампания – 2017 үстүбүздөгү жылдын башынан тартып 1-мартка чейин юридикалык жактар үчүн, 1-апрелге чейин жеке жактар үчүн жүргүзүлдү. Жеке жактарга: мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу  жана кыймылсыз мүлкү жана жер участогу бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар кирет.

Декларациялык кампанияны жүргүзүү мезгилинде бардык райондордо, шаарларда, айыл өкмөттөрдө жана соода-сатык комплекстерде БСДны кабыл алуу пункттары түзүлгөн. Декларацияны өз учурунда тапшыруу жөнүндө калк арасында кеңири масштабдуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары, БСД тапшыруунун мөөнөтү аяктаарынын акыркы 10 күн арылыгында салык органдары жер-жерлерде иш күндөрү, дем алыш жана майрам күндөрүндө да түнкү 12ге чейин салык төлөөчүлөрдөн декларацияны кабыл алуу менен күчөтүлгөн режимде иштешти.

МСК басма сөз кызматы






Все новости