Реклама

.

15 миңге жакын салык төлөөчү онлайн патент сатып алышты

18.04.2019

Салык кызматынын жаңы кызматы иштеген мезгил ичинде (2018-жылдын октябрь айынан тартып  2019-жылдын 10-апрелине чейин)  14 миң 945 салык төлөөчү салык кызматынын сайты аркылуу экономикалык ишин жүргүзүүгө электрондук түрдө патент сатып алышты.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын 1-октябрынан тартып республиканын бардык аймактарында ведомствонун сайты аркылуу электрондук түрдө патент бере баштаган.

Электрондук патентти алуунун эки жолу бар: МСКнын www.salyk.kg – “Салык төлөөчүнүн кабинети” электрондук кызматы жана eID-карта (2017-жылкы жаңы үлгүдөгү паспорт) аркылуу.

Интернет аркылуу электрондук патент алуу салыктык башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Ошондой эле, салык төлөөчүлөр менен салыкчылардын ортосундагы түздөн-түз байланышты кыскартып, коррупциянын тобокелдигин төмөндөтөт.

Патентти кеңседен (кызмат көрсөтүү жана соода түйүндөрү) же үйдөн чыкпай туруп, сутканын ар кайсы учурунда интернет аркылуу алууга мүмкүн болгондуктан, салык төлөөчүлөргө ар жолу салык органына баруунун кереги жок. Патент үчүн төлөмдү терминалдар, банкоматтар, автоматташтырылган өзүн өзү тейлөө терминалдары жана башка банктык төлөм карталарын тейлөө жана кабыл алуу боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

Азыркы учурда бул шлюзга бир катар банктар ("Демир банк", "Кыргызкоммерц банк" жана "РСК Банк") кошулган. Бул банктардын "Viza" жана "Master Card" карточкалары аркылуу интернет-эквайринги аркылуу, анын ичинде “Элсом” мобилдик капчык аркылуу накталай эмес ыкма менен электрондук патент үчүн төлөм жүргүзүүгө болот.

Ошондой эле Оптима банк, РСК Банк, "Айыл банк", QUICKPAY, MEGACOM, ASISNUR, Terempay төлөм терминалдары аркылуу жана РСК Банктын жана "Айыл банктын" кассалары аркылуу накталай төлөмдөр каралган.

Электрондук патент үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча шлюзга башка коммерциялык банктарды жана төлөм терминалдарын кошуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.


МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости
Абдан маанилүү