Реклама

.

Салык кызматынын Маалымат борбору 1240 жаңы номери аркылуу иштей баштады

29.05.2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Маалымат борбору жаңы номерге өттү. Маалымат борбору эми мурдагы үч сандуу 194 номеринин ордуна төрт сандуу 1240 номерине алмаштырылды.

Номерди алмаштыруу “Кыргызтелеком” бардык кыска үч сандуу номерлерди төрт сандуу номерге которуп жаткандыгына байланыштуу.

Салык кызматы жарандардан салык салуу жана салык кызматынын ишмердүүлүгү боюнча 1240 номерине кайрылууну суранат.

Эскерте кетсек, МСКнын Маалымат борборунун негизги максаты – Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдерин колдонууда көмөк көрсөтүү жана түшүндүрүү салык кызматынын ишмердиги жөнүндө ар кандай маалыматтарды ыкчам берүү ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн салык маселелери боюнча салыктык сабаттуулугун жана салык салуу чөйросүндөгү маселелер боюнча маалыматтулугун жогорулатуу боюнча кызмат көрсөтүү болуп саналат.

МСК басма сөз кызматы

Все новости
Абдан маанилүү