Реклама

.

Кабыл Абдалиев: Салык кызматында салыктар боюнча планды ийгиликтүү аткаруу үчүн мүмкүнчүлүктөр да, резервдер да бар

05.08.2019

2019-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын 2019-жылдын 1-жарым жылдыгындагы иштеринин жыйынтыгы боюнча ведомствонун коллегиясынын отуруму өттү.

Коллегиянын ишине КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев, коллегиянын мүчөлөрү, борбордук аппараттын башкармалыктарынын жана өз алдынча бөлүмдөрүнүн начальниктери, аймактык салык органдарынын жетекчилери катышышты.

Коллегиянын отурумунда бир катар маселелер, анын ичинде ушул жылдын 6 айындагы мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу, салык карызын өндүрүү,  атайын салык режимдери боюнча салыктарды башкаруу, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттогон ишкерлерди башкаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер ж.б. каралды.

КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин сөзүнөн кийин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев өкмөт башчысы тарабынан ведомствонун ишинин айрым түрлөрү боюнча айтылган сын-пикирлердин адилеттүүлүгүн белгилеп, Салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча бардык күч-аракеттерин жумшаарын жана бул үчүн зарыл болгон бардык булактар бар экендигин ишендирди.

Коллегиянын жүрүшүндө Салык кызматынын башчысы К.Абдалиев салыктар боюнча планды аткарбаган аймактык салык органдарынын жетекчилерин, ошондой эле салыктары чогултууну камсыз кылуу, салык карызын өндүрүү, атайын салык режимдери боюнча салыктарды башкаруу, өкмөттүк программаларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө, анын ичинде салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруу жана санариптештирүү ж. б. боюнча башка баяндамачыларды укту.

Салыктарды чогултуу боюнча планды аткарбаган аймактык салык органдарынын начальниктеринин сүйлөгөн сөздөрү кескин талкуулангандан кийин Салык кызматынын төрагасы коллегиянын жыйынтыгы боюнча аларга карата чечимдер кабыл алынаарын билдирди.

Ведомствонун жетекчиси К.Абдалиев борбордук аппараттын башкармалыктарынын жана аймактык салык органдарынын жетекчилерин жаңыча иш алып барууну баштоого, демилге көтөрүүгө жана ынтызарлыкты көрсөтүүгө чакырды. "Жөн гана техникалык иштер менен алек болуунун кереги жок, талдоо иштерин жүргүзүп, сандар менен иштегиле жана өзүңөрдүн функционалдык милдеттериңерди чын ниеттен аткаргыла! Талаптар катуу болот, ал эми иштегиси келбегендер менен жолубуз бөлөк", – деп эскертти ал.

Ошону менен бирге Салык кызматынын башчысы өкмөт тарабынан салык кызматынын алдына коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткаруу үчүн мүмкүнчүлүктөр жана резервдер бар экендигин белгиледи.

«Анткени биз июль айында өтө тез нукта иштөө менен акыркы бир жуманын ичинде салыктардын (1 млрд 517,4 млн сом) жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн (750,1 млн сом) жарым жылдын ичинде чогултулбай калган суммаларын - тиешелүү түрдө 147,1 млн сомго жана 79,7 млн сомго кыскарта алдык, тактап айтканда пландык көрсөткүчтү ашыгы менен аткардык. Демек бизде иштөөгө мүмкүнчүлүк бар, бирок бул үчүн ар ким өз милдетин так аткарышы керек", - деп белгиледи Кабыл Абдалиев.

Ошондой эле ал салыкчыларды өтө тез нукта иштөөгө чакырып, алдыдагы эки айдын ичинде ар бир айга белгиленген планды аткаруудан тышкары, 1,3 млрд сом өлчөмүндөгү салыктардын кем жыйналган суммасын толугу менен жабууну тапшырды.

Бул тууралуу фискалдык органдын төрагасы К.Абдалиев ММК өкүлдөрүнө да айтып, Салык кызматы салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү толук көлөмдө аткаруу, салык карыздарын кыскартуу жана өндүрүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшай тургандыгын белгиледи.

Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, фискалдык органдын төрагасы К.Абдалиев салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү толук көлөмдө аткаруу, салык карыздарын кыскартуу жана өндүрүү боюнча бардык күч-аракеттерди жумшай тургандыгын белгиледи.

Анын айтымында, ведомство өз ишинин сапатын жогорулатуунун үстүндө иш алып барат жана талдоо иштерин күчөтөт. Экономика министрлиги менен биргеликте салык мыйзамдарына ак ниеттүү салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана көмүскө экономиканы кыскартууга багытталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча  иштерди жүргүзөт.

Коллегиянын соңунда Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев ушул жылдын аягына чейинки негизги милдеттерди аныктоо менен, ведомствонун иш планын айтып өттү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасындагы иш-чаралардын алкагында ишке ашырыла турган негизги милдеттердин катарында ведомствонун жетекчиси салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруу системасын, электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураны колдонуу боюнча пилоттук долбоорду сапаттуу жана өз убагында киргизүү,  ошондой эле КНС төлөөчүлөрдү, импорттоочуларды-экспорттоочуларды квалификациялуу электрондук кол тамгасы коюлган электрондук документ түрүндө салык отчетторун милдеттүү берүүгө өткөрүү боюнча иштерди атады.

Салык органынын ишиндеги артыкчылыктуу багыттарынын катарында – республиканын бардык аймактарын камтуу үчүн салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын оптималдуу топтому менен сервистик борборлордун сиситемасын андан ары өнүктүрүү, МСКнын түзүмдүк бөлүмдөрү менен салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы иш кагадардын электрондук түрдө жүгүртүлүшүн кеңейтүү, салык төлөөчүлөр менен ыкчам байланыш системасын өнүктүрүү, анын ичинде салык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана салыктык жол-жоболор тууралуу салык төлөөчүлөргө өз убагында маалымат берүү кирет.

Мындан тышкары, Салык кызматынын төрагасы К.Абдалиевдин айтуусу боюнча, электрондук кызматтарды колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, салык жол-жоболорун оптималдаштыруу жана салык отчетторун электрондук түрдө берген салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү боюнча иштер улантылмакчы.

МСКнын басма-сөз кызматы


ALI_1577

k08(08)

k15(15)

k16(16)

k05(05)


















Все новости