Реклама

.

Салык кызматы 6 айда бюджетке 2,5 млрд сом салык карызынын түшүүсүн камсыз кылды

06.08.2019

Республика боюнча 2019-жылдын 1-июлуна карата салык карызы 4 млрд 483,6 млн сомду түздү. Анын ичинде өнбөөчү карызы - 2 млрд 871,9 млн сом. Бул тууралуу 5-августта болуп өткөн МСКнын коллегия отурумунда бергилүү болду.

Республиканын салык органдары тарабынан 6 айдын ичинде салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча белгиленген иштер жүргүзүлүп, алардын жыйынтыгында бюджетке 2 млрд 549 млн сом түшкөн. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 733,1 млн сомго көп же өсүү ыргагы 140,4%ды түздү.

Салык төлөөчүлөргө 4 млрд 720,4 млн сом суммасында 48 миң 943 салык чечими тапшырылып, анын 34 миң 36 чечими боюнча 1 млрд 755,9 млн сом өндүрүлгөн.

Салык төлөөчүлөрдүн алыш-бериш эсебине 1 млрд 860 млн сомго 1 миң 901 салыктык-төлөм талабы коюлган, бул 2018-жылдын 6 айына салыштырмалуу 14 талапка же 674,8 млн сомго көп. Анын ичинен 11,4 млн сом өндүрүлгөн.

Ошондой эле, 488,1 млн сомго 2 миң 619 мүлктү тизмектөө жүргүзүлгөн. 178 материал боюнча мүлктөрдү сатуудан 8,9 млн сом өндүрүлгөн.

Бюджетке салыктарды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 5,9 млн сомго 2 миң 303 административдик айып салынган, анын 4,7 млн сому өндүрүлгөн.

Отчеттук мезгилде салык органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Салык төлөөчүнүн өнбөөчү карызын таануу жана эсептен чыгаруу тартибине ылайык, 241 субъект боюнча  54,8 млн сом карыз эсептен чыгарылган.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости