Реклама

.

Жарым жылда 15,2 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды

06.08.2019

2019-жылдын 6 айында 15 млрд 240,8 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулган. Белгиленген план 95,3% аткарылган же 750,2 млн сом кем түшкөн. 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу келип түшүү 199,7 млн сомго көбөйдү. Бул тууралуу 5-августта болуп өткөн МСКнын коллегия отурумунда маалым болду.

Ошол эле учурда жарым жылдын ичинде пайда болгон 750,2 млн сом суммасында толук чогултулбай калган камсыздандыруу төгүмдөрү июль айындагы пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткаруунун эсебинен 79,7 млн сомго кыскарган.

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча болжолдук көрсөткүчтөр бир катар аймактык салык органдары тарабынан камсыздалган эмес. Анын ичинде Бишкек шаары боюнча жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгы, Ысык-Көл, Панфилову, Жайыл, Чоң-Алай, Базар-Коргон, Ак-Суу, Бакай-ата, Чаткал, Ат-Башы, Москва, Ысык-Ата, Түп, Сузак, Кара-Буура, Манас, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Лейлек, Ак-Талаа райондору жана Токмок, Майлуу-Суу, Нарын, Балыкчы шаарлары боюнча салык органдары.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости