Реклама

.

Салык кызматы кыргыз-казак чек арасынан 52 миң бөтөлкө сыра жана 20 тонна түтүк ташып келүүдөгү бузууларды аныктады

07.08.2019

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан товарларды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок сыра, түтүктөрдү жана унаанын кошумча бөлүктөрүн ташып келүүнү аныктаган.

Атап айтканда, "Чоң-Капка автожолу" контролдук-өткөрмө пунктунан 870 миң сомдон ашуун суммада 0,5 литр идиштеги 52 миң бөтөлкө сыра (Жигулевское Шымкент, Шымкентское Pilsner Классическое) алып келе жаткан 2 машина кармалды. Ошол эле контролдук-өткөрмө пунктунан болжол менен 1,5 млн сом суммасындагы 20,3 тонна түтүк (НКТ) ташып келинген факты аныкталды.

"Ак-Тилек автожолу" контролдук-өткөрмө пунктунан 1798 даана 240 миң сомдон ашуун суммада унаанын кошумча бөлүктөрүн алып келе жаткан унаа кармалды.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости