Уюмдар

 

Салык салууда уюм катары төмөндөгүлөр эсептелет:

 

1) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жак. Мындай уюмдар ата мекендик уюм болуп эсептелет;

 

2) уюмдаштыруучу өлкөнүн мыйзамдарына ылайык түзүлгөн корпорация, компания, фирма, фонд, мекеме жана башка түзүлүш же эл аралык уюм. Мындый уюмдар эл аралык уюм деп аталат;

 

Мында, эл аралык келишимдин жана макулдашуунун негизинде түзүлгөн эл аралык укук субъекти эл аралык субъект болуп саналат.

 

Ошондой эле, салык салуу максатында салык мыйзамдарында “обочолонгон бөлүм" түшүнүгү өзүнчө белгиленген. Жалпысынан төмөндөгү шарттарга жооп берген бөлүмдөр обочолонгон бөлүм болуп саналат:

 

1) экономикалык ишмердүүлүктү ишке ашырат;

 

2) башкаруунун негизги жеринен аймактык жана мүлктүк жактан обочолонуп турат;

 

3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынуучу мамилелерди уюштуруу менен байланышкан персоналга ээ.

 

Уюм обочолонгон бөлүмгө ээ болсо, ал бөлүмдү жайгашкан жери боюнча салык органында каттого милдеттүү.