Реклама

.

Салык кызматы 1-сентябрдан баштап Бишкекте виртуалдык ККМди колдонуу боюнча эксперименттик долбоорду ишке киргизет

30.08.2019

Мамлекеттик салык кызматы 1-сентябрдан баштап 31-декабрга чейин Бишкек шаарынын аймагында реалдуу убакыт режиминде виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорун сынактан өткөрөт.

"Реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна 2019-жылдын 26-августунда кол коюлду.

Виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуп көрүү ишкерлерге жеткиликтүү ККМди тандоо укугун берет. Мында пилоттук долбоорду жүргүзүү мезгилинде ыйгарым укуктуу салык органы жана виртуальных ККМ операторлору тарабынан аларга акысыз негизде виртуалдык ККМ берилет (Android, iOS жана Windows операциялык системаларына кардардык тиркеме түрүндө ишке ашырылуучу программалык камсыз кылуу).

Эксперименттик режимдеги долбоор менен иштөө виртуалдык ККМди колдонуу менен жүргүзүлүүчү акчалай эсептешүүлөр жөнүндө реалдуу убакыт режиминде маалымат берүү технологияларын оптималдуу колдонууга жана экономикалык натыйжалуулугун аныктоого, виртуалдык ККМди колдонуунун техникалык мүмкүнчүлүгүн аныктоого жана белгилөөгө, көрсөтүлгөн талаптардын ишке ашырылышын жана натыйжалуулугун баалоого мүмкүндүк берет.

Ошондой эле, каттоо жол-жоболорун иштеп чыгуу, каттоодон чыгаруу жана виртуалдык ККМди башкаруу, виртуалдык ККМди киргизүүдө салык төлөөчүлөр үчүн финансылык чыгымдарынын реалдуу жүгүн аныктоо жана ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасына эсептешүүлөр жөнүндө маалымат берүүнү уюштуруу үчүн сервердик жабдууларды жана байланыш тармактарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн текшерүү мүмкүндүгүн берет.

Виртуалдык ККМдин операторлору болуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда көрсөтүлгөн токтомуна ылайык салык төлөөчүлөргө виртуалдык ККМ (программалык камсыздоо) берүүчү жана аларды пайдаланууга, техникалык, кепилдик жана сервистик тейлөөгө даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүчү субъекттер саналат.

Белгилей кетсек, виртуалдык ККМ болуп, электрондук түзүлүштөргө (персоналдык/өтмө компьютер, уюлдук телефон жана башка ушул сыяктуу түзүлүштөр) орнотулуучу,  анын жардамы менен кассалык операцияларды жүргүзүүчү, ишкерлерге таандык болгон программалык камсыздоо.

МСКнын басма-сөз кызматы

Все новости